Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 30-мартта, Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюро мүчөсү, Шиңжаң-Уйгур автоном районунун башчысы Ма Синжуйду кабыл алды. Кытайдын өкүлү Бшкекке жумушчу сапары менен келген.
Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, жолугушууда Жапаров кыргыз-кытай салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер, өз ара ишеним - ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, жалпы кызыкчылыктарга толук жооп берген аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, Кыргызстан менен Шиңжаңдын ортосундагы соода жүгүртүү өскөнүн белгиледи.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Кыргызстан менен Шиңжаңдын соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө, экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин айтты. Шиңжаңдык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.
Шиңжаңдын башчысы өз кезегинде Кытайдын лидери Си Цзинпиндин саламын айтып, Кытай делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын негизги миссиясы - эки мамлекеттин башчыларынын ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу деп айтты.
Ма Синжуй Шиңжаң Кыргызстандын аймактары менен кызматташууну активдештирүүгө ниеттенип жатканын, бул маселе азыртан эле күн тартибинде турганын белгиледи.
Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан Шиңжаңдын эң ири өнөктөштөрүнүн бири, өз ара сооданын көлөмү буга чейин эле 1 миллиард АКШ долларына жеткен.
Соода алакаларын илгерилетүү үчүн Ма Синжуй чек арадагы өткөрмө бекеттерде инфраструктураны жакшыртуу демилгесин колдоп, алардын санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору үч тарап үчүн тең экономикалык мааниси чоң экенине токтолду. Кытайдын жогорку окуу жайларында Кыргызстандан барган студенттерди окутууга квоталарды көбөйтүүнү сунуштады.
Шинжаң-Уйгур автономиялуу районунда 180 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. 2017-жылдан тартып Кытайдын Шинжаң аймагында мусулман этникалык азчылык өкүлдөрү жабык жайларда кармалган учурлар көбөйгөн. Дүйнө коомчулугу бул жагдайды сынга алып келет. Бээжин ал жайларды "тарбиялоо лагерлери" деп атайт. Этникалык кыргыздардын канчасы "тарбиялык лагерлерде" жатканы белгисиз.
Расмий статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылы 4,1 млрд. долларды түзгөн.
Муну менен эки өлкөнүн соода алакасы мурдагы жылга караганда 2,7 эсеге өскөн жана анын баары тең импорттун үлүшүнө туура келет. Кыргызстандын тышкы карызынын 40% ашуунун Кытайдын насыясы түзөт.
Быйыл май айында “Кытай-Борбор Азия” 5+1 форматындагы саммит өтөрү, ага удаа эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга алгачкы мамлекеттик сапары да уюштурулуп жатканы кабарланган.(ZKo)
Дагы караңыз
Байден дүйнөдө демократияны колдоого кошумча каражат бөлүнөрүн жарыяладыПакистанда атышууда төрт полиция кызматкери окко учту“Командирге жагыпсың, эми аны менен болосуң”. Орус армиясында кордолгон аялдарӨзбекстанда "Классикалык поэзия" эл аралык фестивалы өтүп жатат