Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы жети документке кол койду

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын Бишкектеги жыйыны. 29-март, 2023-жыл.

Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынында жети документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кол коюлган документтердин арасында Кыргызстанга орус тилинде билим берген мектептерди куруунун шарттары, электр энергиясы, мамлекеттик каттоо тармагында кызматташуу, электр энергиясын импорттоого багытталган макулдашуулар бар.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушуна байланыштуу макулдашууга кол коюуну тарыхый окуя деп баалаган.

Жапаровдун айтымында, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40,8% өсүп, 3 млрд. 234 млн. долларды түзгөн.

Өкмөттөр аралык комиссия Кыргызстан Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү болгондон кийин биринчи жолу өткөрүлгөн. Комиссиянын 24-жыйыны 29-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын аскерлери ээлеп алган Мелитополдо бир нече жарылуу болдуКамактагы активист Улукбек Маматаев ден соолугунан улам президентке кайрылдыЧеченстанда милиция бөлүмүнө кол салуу болгону кабарландыМурдагы милиция кызматкери баңгизат сатуу, даярдоого шектелүүдө