Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев оор операциядан кийин медициналык кароого жана реабилитацияга муктаждыгын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
"Мени оор абалда №1 тергөө абагынан ооруканага которушту. Ооруканада боорума жана өтүмө операция жасалды. Мен оор абалда бир нече күн жаттым. Дарыгерлер бөйрөгүмдү да дарылоо зарылчылыгын айтышты. Бүгүн, 29-мартта мени оор абалыма жана медициналык реабилитациядан өтпөгөнүмө карабай, кайрадан №1 тергөө абагына кайтарышты", - деп белгилеген Маматаев Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып кармалган адамдарды Жаза аткаруу кызматы кыйноого алуусун токтотууну өтүндү.
"Биздин саламаттыгыбыз жана өмүрүбүз сиздин жоопкерчилигиңизде болот", - деп жазган Маматаев.
Улукбек Маматаевдин ооруканадан кийин №1 тергөө абагына кайтарылганын 29-мартта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Аскат Эгембердиев "Азаттыкка" ырастаган. Адвокаты аны Улуттук госпиталга которууну өтүнүп, №1 тергөө абагынын жетекчилигине кайрылды.
Былтыр октябрдын аягынан бери Бишкектеги №1тергөө абагында камалып турган Улукбек Маматаев ден соолугу начарлап, 15-мартта эртең менен ооруканага которулган. Ошол эле күнү ага операция жасалган.
Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандар 27-мартта көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранып, Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борбор, укук коргоо уюмдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жолдошкон.
Тергөө абагындагы саясатчы Клара Сооронкулова оор операциядан кийин өпкөсү кагынып, чукул дарыланууга муктаж экенин адвокаты маалымдаган. Сооронкуловага 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган.
Буга чейин ооруканада дарыланган Мамбетжунус Абыловдун, Равшан Жээнбековдун ден соолугу толук калыбына келе электе эле абакка которулганын алардын жактоочулары маалымдаган. Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Таалайбек Мадеминов да дарыланууга муктаж экени кабарланган.
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган.
Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо. Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган.(ZKo)