Франциянын Улуттук ассамблеясы 1932-33-жылдары болгон Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныган резолюцияны кабыл алды.
Парламенттин төмөнкү палатасындагы добуш берүүдө документти 168 депутат колдоп, экөө каршы болду.
Резолюцияда бери дегенде 4 миллион украиндердин өмүрүн алган Голодомор атайлап жасалганы айтылат.
Буга чейин АКШ, Германия, Молдова, Румыния, Болгария парламенттери жана Ирландиянын сенаты ушундай эле документ кабыл алган.
Былтыр декабрда Европа парламенти ал окуяларды тукум курут деп тааныган жана Орусиянын украин элине каршы азыркы кылмыштарын айыптаган.
Голодомор советтик бийлик украиналык дыйкандардан азык-түлүк запастарын тартып алуу жана дан азыктарына байланышкан саясатын киргизгенде келип чыккан.
Натыйжада миллиондогон киши көз жумган, так саны белгисиз. Тарыхчылардын көбү бийлик советтик Украинада атайлап ачарчылык уюштурган деп санашат. Украина парламенти 2006-жылы Голодоморду геноцид деп тааныган.
Орусия бийлиги 1930-жылдардагы окуяларды ушинтип сыпаттоого каршы чыгууда.
Дагы караңыз
Ошто "Жылуулуккамсыздоо" ишканасынын жамааты жетекчисине нааразылык билдирүүдө Бакуда Ирандын Азербайжан боюнча саясатын сындаган депутатка кол салуу болду Кемпир-Абад иши: Улукбек Маматаев ооруканадан тергөө абагына которулдуЗеленский: Украина Бахмутту колдон чыгарбоого тийиш