Сузакта айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жер сатууга шек саналып кармалды

Кылмышка шектүү Кызыл-Туу айылынын мурдагы башчысы.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 29-мартта маалымдады.

"Кызыл-Туу айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп, акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн алты гектардан ашуун жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен. Бул окуяны иликтөө алкагында мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ынын үйүндө тинтүү иштери жүргөн. Натыйжада, кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылган. Мурдагы айыл өкмөтү жашаган даректе ок атуучу, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталган", - деп билдирет УКМК.

Ушул тапта атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү бул иштин дагы башка жагдайларын аныктоону ишке ашырууда.

Аталган мекеме Сузак районунун тургундарына айыл чарба багытындагы категорияга таандык жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз экенин билдирди. УКМК райондун тургундарын мурда алынган документтери менен өзүнүн облустук башкы башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырып жатканы маалым болду.

Жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы менен 28-мартта Чүй облусунда да бир нече адам кармалганын Башкы прокуратура кабалган.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (BCh)

Дагы караңыз

АКШ Евробиримдикке энергоресурстарды сатууда лидерлик позицияны ээледиКыргыз жарандыгын көксөгөн орус элитасыУбактылуу кармоочу жайларда укук бузуулар аныкталдыОрусия жана Беларустун спортчуларына нейтралдуу макамда чыгуу сунушталды