Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кызыл-Бел айылынан беш ири мүйүздүү мал кароосуз жүрүп, коңшу өлкөнүн Исфара районунун Гулистан айылына кирип кетишкен. Мал ээлеринин өтүнүчү менен
райондогу Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш Согд облусунун Исфара райондук милициясынын кызматкерлери сүйлөшүү жүргүздү. Жыйынтыгында 28-мартта беш бодо мал кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
Чек ара аймактарында эки элдин ортосунда түрдүү пикир келишпестиктерди болтурбоо жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу милдетин эки өлкөнүн милиция кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар ошондой эле чектеш жашаган тургундарга мал-жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту да көзөмөлдөшөт.
25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышкан.
Кездешүүгө тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Сүйлөшүүнүн натыйжасында аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.
Кыргызстан Тажикстан менен жалпысынан 972 чакырым аралыкта чектешет. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.
Чек ара такталбаганынан утур-утур чыр чыгып, 2021-2022-жылдары жаз, күз айларында куралдуу кагылыш болуп, кан төгүлгөн.(ZKo/JsA)
Дагы караңыз
Башка өлкөдө катталган автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полиси киргизилди Талибдер Балх губернаторунун өлүмүнө тажик жарандарын күнөөлөдүМеккенин жолунда кырсыктаган автобуста кыргызстандыктар жокЧек арада окко учкан жоокердин үй музейи ачылды“Чоң атамды басмачы дешкен”. Памирден Ванга көчкөн Рахманкул хан