Бишкекте мектепке жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат текшерилүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) тараткан маалыматка ылайык, №63 мектепке жардыргыч коюлганы тууралуу маалымат мектептин электрондук почтасына келген. Милиция учурда имараттан окуучуларды жана мугалимдерди толук эвакуациялап, айланасын курчоого алды.

Ошондой эле шаардагы башка мектептердин электрондук почталары да текшерилип жатат.

№63 мектепте мындай маалымат быйыл экинчи ирет келди. Жыл башында Бишкектин бир нече мектептерине жардыргыч зат коюлганы тууралуу кабар жаңы жылдан кийинки окуу чейреги башталган учурда тараган. Бирок жардыргыч зат табылган эмес.

Жалган маалымат жибергендер азырынча аныктала элек.(ZKo)

Дагы караңыз

Адилет Балтабайдын соту 11-апрелге жылдырылдыУкраин күчтөрү 14 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди Салливан: Евробиримдиктен Кыргызстанга жана Орусияга өнөктөш өлкөлөргө экспорт 300% өстүЭл аралык театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук сыйлыгы тапшырылдыАбактагы Илгиз Шаменов дарыланууга муктаж экенин билдирди