Украин күчтөрү 14 учкучсуз учак жок кылынганын билдирди

Киев шаары.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-мартка караган түнү өлкө аймагына абадан сокку уруу үчүн орусиялык армия 15 даана ирандык "Шахед-136-131" үлгүсүндөгү дрондорду колдонуп, алардын 14ү украин аскерлери тарабынан жок кылынганын билдирди.

"Украинанын бардык аймагында ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда", - деп айтылат расмий маалыматта.

Ошол эле маалда Киев шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Сергей Попко Киевге жакын жерде 12 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.


Украинанын Куралдуу күчтөрү 27-мартта кечинде 12 "Шахед", бир чалгындоочу учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн, орусиялыктар сокку урууда "Шахед 136/131" дрондору менен "Гранат-4" учкучсуз чалгындоочу системаны колдонгонун ырастады.

27-мартта саат 22:00 чамасында Киев, Чернигов, Сума, Днепропетровск, Запорожье жана Луганск облустарында абадан чабуул болушу мүмкүн экени эскертилди. Кийинчерээк аба коркунучу Херсон, Житомир жана Кировоград облустарында да жарыяланды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнаттын айтымында, орусиялык аскерлер түндүктөн жана түштүк-чыгыштагы Брянск облусу, Азов деңизинин чыгыш жээгинен чабуулга өткөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын Оболонский жана Святошинский райондорундагы жарылуулар тууралуу маалымат берди. (BCh)

Дагы караңыз

"Мегакомдун" мурдагы жетекчилеринин бири коррупцияга шектелип кармалдыЭл аралык театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук сыйлыгы тапшырылдыАбактагы Илгиз Шаменов дарыланууга муктаж экенин билдирди