Эл аралык театр күнүнө карата "Эргүү" улуттук сыйлыгы тапшырылды

"Эргүү" улуттук театр сыйлыгы

27-март - Эл аралык театр күнүнө карата Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрдү. Салтка айланган “Эргүү” театр сыйлыгы быйыл онунчу ирет берилди.

Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театры сахналаштырылган “Кулан” - эң мыкты улуттук пьеса деп табылды.

Казакстандын Астана шаарынын А. Мамбетов атындагы муздрама театры койгон “Боранды бекет” - эң мыкты чет өлкөлүк спектакль аталды.

“Учур” театры сахнага алып чыккан “Нүзүп аталык” эң мыкть спектакль деп табылып, сыйлык алды.

Мындан сырткары Кыргызстандын театрларында коюлган спектаклдердин жана театр кызматкерлеринин мыктыларына “Эргүү” улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле бир топ театр кызматкерлерине Кыргызстан театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын атайын сыйлыгы, Муратбек Рыскулов атындагы театр сыйлыгы, Даркүл Күйүкова атындагы, Советбек Жумадылов атындагы, Жалил Абдыкадыров атындагы, М. Козукеев атындагы театр сыйлыгы жана Жогорку Кеңештин "Ардак грамоталары" тапшырылды.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШда мектептеги атышуудан алты киши, анын ичинде үч окуучу окко учтуБишкекте курулушу токтоп турган үйдүн үлүшчүлөрү бийликке кайрылды Прокуратура Чүйдө 66 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгенин маалымдадыТалибдер Хорогго кандай жол менен барды?