Сиань-Бишкек багытындагы алгачкы учак "Манас" аэропортуна конду

Сиань-Бишкек-Сиань каттамындагы учак. Бишкек, "Манас". 27-март, 2023-жыл.

27-март күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Кытайдын Сиань шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы конду. Каттамды Кытайдын Loong Air авиакомпаниясы аптасына эки жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырат.

"Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сиань-Бишкек багытындагы учуу убактысы болжолу 4 саат 30 мүнөт.

Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты гана ишке ашып келген. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган.

Мындан сырткары, Бишкектен Шанхайга жана Гонконгго жүк ташуучу авиакаттамдар бар. Башка багыттарга жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдар башка шаарлар аркылуу аткарылат.

12-мартта Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Бээжин шаарында Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолугуп, кыргыз-кытай авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгы талкууланган. Анын ичинде Бишкек – Бээжин, Бээжин – Бишкек түз авиакаттамын ачуу жана кошумча аба коридорлорун уюштуруу тууралуу сөз болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Абактагылар көз карандысыз комиссия түзүүнү сурандыБишкекте курулушу токтоп турган үйдүн үлүшчүлөрү бийликке кайрылды Прокуратура Чүйдө 66 гектардан ашык жер мыйзамсыз берилгенин маалымдадыТалибдер Хорогго кандай жол менен барды?Кыргызстанда бир жумада 36 кишиден коронавирус аныкталдыБаткен: такталбаган тилкедеги талаа иштери токтотулду