Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Жаутыков эл аралык олимпиадасынын 12 жеңүүчүсүн кабыл алып, ар бирине планшет тапшырды.
Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Казакстанда өткөн олимпиадага бир нече мамлекеттен миңден ашык окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жеткен.
Шакиев башка тармактардагы эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрүн даңазалап тосуп алуу адатка айланганын белгилеп, илим жаатындагы жетишкендиктерге мындан ары да көңүл буруу керектигин белгиледи.
Интернеттеги маалыматта физика жана информатика боюнча Жаутыков эл аралык олимпиадасы 10-11-класстар арасында жыл сайын өткөрүлөт. 2005-жылы уюштурулган сынакка 15 мамлекеттен мыкты окуучулар катышат. (TSh)
Дагы караңыз
Евро-2024: Казакстандын футболчулары Данияны 3:2 эсебинде утуп алды Равшан Жээнбеков Абировдун ордуна ат салышарын билдирди Жер мунапысы: Көк-Жардын тургундары Башкы прокуратурага кайрылыштыКыргызстанда бир жумада 36 кишиден коронавирус аныкталды