Аба ырайы: ашууларда кар көчкү корунучу бар

Кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иштери. Сүрөт ӨКМден алынган. Архив.

28-мартта абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк тоолуу аймактарында, ашууларда кар көчкү түшөт, кар күрткүсү чогулуп, жолдор тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

28-марттагы абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
  • Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -0…5, күндүз 12…17;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16 градус жылуу болот.
  • Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 22…24 градус жылыйт.

Дагы караңыз

Украина Беларустагы өзөктүк курал маселесин БУУда кароону талап кылуудаТүркмөнстанда парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттүКыргыз паспортун алууга ашыккан орусиялык саясатчылар