Президент Садыр Жапаров 26-мартта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу бөлүктөрүн пландан тышкары кыдырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Жапаров аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты. 1961-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө элек имараттар менен курулуштардын абалын көрдү.
Жыйынтыгында казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу, капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүүнү, шарттарды да жакшыртууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.(ZKo)
Дагы караңыз
Орусия британдык замбирек огунан эмнеге заарканат? "Мекен-картка" документ кабыл алуу башталды "Музыканы түшүнгөн муун жетилсе дейм". Нарындык мугалимдин кыялы Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сатуу жеңилдеди