Пригожин "Вагнерге" кошулган 5 миң соттолуучу ырайым алганын билдирди

Евгений Пригожин

Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин орус абактарынан Украинадагы урушка жалданган 5 миң кылмышкерге ырайым берилгенин жарыялады. Анын билдирүүсүн компаниянын басма сөз кызматы таратты.

Пригожин билдиргендей, согуштагы келишими аяктагандан кийин келгендердин 0,31% гана кайрадан кылмышка барган. Пригожиндин сөзүнө караганда, бул тынч замандагы көрсөткүчкө салыштырганда 10-20 эсеге аз. Бирок бул маалыматты башка булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" абакка кесилгендерди жалдап, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында орус абактарында отурган кыргыз, өзбек жана тажик жарандары да бар. Украинада урушта өлгөн Кыргызстандын кеминде беш жаранынын сөөгү мекенине жеткирилген.

Согушка жалданып баргандарга алты ай жүргөн соң ырайым берилип жатканы айтылган. Абактардан канча киши жалданып кеткени жана алардын канчасына ырайым берилгени тууралуу расмий маалымат жок.

АКШнын чалгын кызматтары Украинадагы согушка катышкан “вагнерчилердин” саны 50 миңдей экенин, алардын 90% азгырылып кеткенин билдирген.

“Вагнер” компаниясы – менчик бейрасмий аскердик түзүм. Компанияны Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп таанып, Пригожинди "кара тизмеге" киргизген.(ErN)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясы келерки 15-20 жылга жаңы башкы план иштеп чыгатБоом капчыгайында кайрадан чыккан өрт басылдыУкраин бийлиги орус тарап Бахмутта чабуулун улантып жатканын билдирди