АКШ президенти Жо Байден Канадага эки күндүк сапар менен барды

Байден жана Трюдо.

АКШ президенти Жо Байден эки күндүк сапар менен Канадага барды. Ал Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен миграция, Украинага жардам, коопсуздук жана энергетика маселелерин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Байден жана АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Трюдо жана анын жубайы менен Ридо коттежинде 24-мартта жолугушту. Reuters агенттиги жазгандай, АКШ менен Канада мигранттардын кургактагы чек арадан мыйзамсыз киришин токтотуу боюнча макулдашууга жетишти.

Бир ай мурда Канада АКШдан орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплексин сатып алып, Украинага бере турганы маалымдалган.

Дагы караңыз

Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга 13 млн. сом бөлүнөтБоом капчыгайындагы өрт басаңдады Түрк мамлекеттер уюмунун саясий салмагы кандай?"Док-1 Максты" чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулду