Коммерциялык банктардын уставдык капиталын аныктаган токтом чыкты

Улуттук банк.

Улуттук банк 15-мартта “Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк капиталдарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө” токтом кабыл алганын жарыялады. Документке ылайык, жаңы ачылып жаткан коммерциялык банкта 1 миллион сомдон кем эмес уставдык капиталы болушу керек. Бул талап чет элдик банктардын жаңы филиалдарына да тиешелүү болот.

Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда);

  • 2023-жылдын 1-апрелинен тартып – 600 млн. сом;
  • 2024-жылдын 1-июлунан тартып – 800 млн. сом;
  • 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 1 млрд. сом.

Иштеп жаткан системалуу мааниге ээ коммерциялык банктар үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү быйыл 1-июлга 2 млрд. сом деп белгиленген.

Коммерциялык банк системалуу мааниге ээ деп табылган күндөн тартып бир жыл ичинде уставдык капиталын белгиленген чекке чейин жеткирүүгө тийиш.

Системалуу мааниге ээ банктардын тизмесине тиешелүү критерийлерге жооп берген, анын кудуретсиздиги өлкөнүн экономикасына жана каржы системасына олуттуу кесепеттерди алып келиши, макроэкономикалык шартка да терс таасир этиши мүмкүн болгон банктар кирет.

Учурда Кыргызстанда 23 банк бар. Мындан сырткары өлкөдө тогуз микрофинансылык компания, 87 микрокредиттик компания жана 34 микрокредиттик агенттик иштейт.

Дагы караңыз

"Док-1 Максты" чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулду“Азаттыктын” иши: сот экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырды Ленин райондук сотунда "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арыз каралып жатат 25-мартта күн ачык болот