“Азаттыктын” иши: сот экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырды

Ленин райондук соту. 2023-жылдын 24-марты.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева бүгүн, 24-мартта Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” боюнча арызын карап, 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Анда “Настоящее время” телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козуутунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат.

"Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизанын коюлушуна каршы болушкан. Алар Маданият министрлиги аны "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө чейин тактап алышы керек болгонун, бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

Эми экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин соттук иш убактылуу токтолулат.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет. (TSh)

Дагы караңыз

25-мартта күн ачык болотКулов Март ыңкылабынын себептери, Бакиев менен тандеми тууралуу Украинада Константиновкага урулган ракеталык соккудан үч аял набыт болдуБишкекте Борбор Азия боюнча IT бизнес-форуму өтүүдө