Мэрия окуучулар арасында "ЧВК Редан" тууралуу маалымат жайылып жатканын эскертти

Бишкек мэриясы.

Бишкек мэриясы 23-мартта окуучулардын ата-энелерине кайрылып, "ЧВК Редан" кыймылы тууралуу маалымат жайылып жатканын эскертти. Мындан улам калаа бийлиги балдардын мектептен тышкаркы коопсуздугун көзөмөлдөөнү өтүндү. Зарыл болгон учурда тиешелүү мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата-энелик көзөмөлдү уюштурууну сунуштоодо.

"Кыймыл тууралуу маалымат жайылып жатканы өспүрүм- окуучулардын жаңжалына алып келиши мүмкүн", - деп жазылган мэриянын маалыматында.

Калаа бийлиги укук коргоо органдары төртүнчү чейректен баштап жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекциялык иш-чаралар башталарын билдирди.

"ЧВК Редан" 14-16 жаштагы аниме сүйүүчү өспүрүмдөрдүн онлайн бирикмеси. Өздөрүн "реданчылар" деп эсептеген өспүрүмдөр 12 буттуу жөргөмүштүн сүрөтү түшүрүлгөн же "4" саны жазылган кийимдерди кийип жүрүшөт. Алар Жапониянын Hunter x Hunter анимесинин фанаттары. Мындай кийимди анимедеги башкы Хисока аттуу эң күчтүү согушкерлердин бири кийет.

Өспүрүмдөр өздөрүнүн социалдык медиа топторунда алардын коомчулугу терроризмди, өзүн-өзү өлтүрүүнү, өзүнө зыян келтирүүнү, баңгизатты, зордук-зомбулукту жана башка мыйзамсыз иш-аракеттерди пропагандалабайт деп ырасташат.

Февраль айында Орусияда дагы жапырт мушташка катышкан өспүрүмдөрдү кармоо башталган. Алар "ЧВК Редан" деген кыймылга байланышы бар деп шектелүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Транспорт министрлиги жол оңдоого жаңы техникаларды сатып алатОрусиянын атайын кызматы крым татар активистин белгисиз жерге алып кетиштиКулубаев Орусиянын тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алдыТажикстанда жер титирөөдөн ондогон турак жай кыйрады