Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-мартта Бахмуттун жанындагы фронтко барды.
Президенттин басма сөз кызматы Зеленский Бахмуттагы кан күйгөн майданда мекенин коргоп жаткан аскер кызматкерлери менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын кабарлады.
"Бүгүн бул жерде - мамлекетибиздин чыгышында, Донбасста болуу жана биздин баатырларыбызды сыйлоо мен үчүн сыймык. Мамлекетибизди, эгемендигибизди коргоп жатканыңыз үчүн ыраазчылык билдирем", — деди ал.
Бул Зеленскийдин Бахмутка акыркы үч айдагы экинчи сапары. Декабрда АКШга барар алдында Бахмутка келип, баатыр жоокерлерге медалдарды тапшырган.
Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Маринка жана Шахтерскиде да уланууда.
Зеленский буга чейин өлкө чыгышында "тагдыр чечкен кармаш" жүрүп жатканын айткан.
Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.
Дагы караңыз
Запорожьеде көп кабат үйгө тийген орус ракетасынан жети адам набыт болдуДепутат Ормонов Кемпир-Абаддын жээгиндеги айылдарга 60 млн. сом бөлүнгөнүн айтты Google компаниясы жаңы Bard чат ботун ишке киргизди