Бажыда эл керектөөчү товарлар байпак катары катталган факты аныкталды

Бажыдан байпак деп катталган товар.

Мамлекеттик бажы кызматы “Түндүк-Чыгыш” бажысында товарды жалган декларациялоо фактысы аныкталганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Кытайдан “Н.О.Л.” компаниясына “Volvo” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен документ боюнча байпактар келген. Бирок машинени текшерүүдө декларациядан өтпөгөн эл керектөөчү товарлар табылган.

Соода-өнөр жай палатасы товардын орточо базар баасын 21 миллион 131 миң сом деп баалап, мамлекетке келтирилген зыянды 5 миллион 756 миң сом деп эсептеген. Бул факты боюнча материалдар чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага берилди.

Бажыдан байпак деп катталган товар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-мартта Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниянын үч өкүлү коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматта алар Кытайдан эл керектеген товарларды мыйзамсыз ташып келген туруктуу канал уюштуруп алганы жазылган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Бажыдагы коррупцияга шек саналып кармалган бажы кызматкерлеринин арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бар экенин айткан.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанда эң коррупциялашкан тармак деп бааланып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Ормонов Кемпир-Абаддын жээгиндеги айылдарга 60 млн. сом бөлүнгөнүн айтты "Асман" шаарын куруу боюнча дирекция президенттин иш башкармалыгына өтөт Запорожьеде көп кабаттуу үйгө ракета тийдиGoogle компаниясы жаңы Bard чат ботун ишке киргиздиӨзгөндө жер көчкү жүрүп, 18 үйгө коркунуч жаралды