Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү калктын ичинде такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар көп тарап жатканын билдирди.
Мекеме жарандарды ар кандай ушак-айыңдарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырып, 22-мартка карата мамлекеттик чек арада абал туруктуу экенин кабарлады.
“Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө. Чек араны биргелешип кайтарууну жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү Тажикстандын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп турушат”, - деп айтылат маалыматта.
10-16-март күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.
Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүү макулдашылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстандан баалуу металлдарды ташып чыгууга чектөө киргизилдиДүйнөлүк бактылуулук индекси: Кыргызстан эки сапка көтөрүлдү“Салык чек” лотереясы: Быйыл баш байгеге 10 батир коюлдуУлуттук госпиталдын башкы дарыгери Маанаев эки айга камалды Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалууда