Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди.
Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анын негизги максаты - ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо.
Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 кг чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө болот.
Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер кабинети баалуу металлдарды жана кара металлдын сыныктарын, калдыктарын ташып чыгууга былтыр август айында да алты айга убактылуу тыюу салган.
- Баалуу металл – алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирчү металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий).
- Кара металл - чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн жана болот. Кара металл курулуш материалдарын чыгарууда, техникалык жабдууларды жасоодо ж.б. колдонулат. (BTo)
Дагы караңыз
Дүйнөлүк бактылуулук индекси: Кыргызстан эки сапка көтөрүлдү“Салык чек” лотереясы: Быйыл баш байгеге 10 батир коюлдуУлуттук госпиталдын башкы дарыгери Маанаев эки айга камалды Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалууда