Ооганстандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди

21-марттын кечинде Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору силкинүү Пакистанда жана Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилгенин кабарлады. Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок. Силкинүү Бишкек убактысы менен саат 22:50гө жакын болду.

Reuters агенттиги Пакистандын Лахор, Пешавар шаарларында жер силкинүүдөн чоочуп көчөгө чыгып турган тургундардын сүрөттөрүн жарыялады.

Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынын, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары да силкинүү катуу эле байкалганын интернеттеги социалдык түйүндөргө жазып жатышат.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 5-6 баллга, Ташкентте жана башка аймактарында 4-5 баллга жеткенин билдирди.

Былтыр Ооганстандын чыгышында 6,1 баллдык жер титирөөдө 1000ден ашуун адам каза болгон.

Дагы караңыз

"Мемориал" борборунун жетекчиси Олег Орловго кылмыш иши козголдуДүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдөЖапон өкмөт башчысы Бучадагы кыргындын курмандыктарын эскерди