Пакистандагы кол салууда 11 адам набыт болду

Пакистан полициясынын өкүлдөрү. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Пакистандын Аббатадаб шаарында автоунаага жасалган куралдуу кол салууда 11 адам набыт болду. Арасында Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Хавелиан аймагынын төрагасы Атиф Мунсиф Жадун да бар.

Полиция чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз экенин билдирди.

Күч кызматкерлери бул кол салууга Жадундун үй-бүлөсүндөгү чыр-чатак себеп болушу ыктымал экенин белгилешүүдө.

Пакистандын маалымат каражаттары каза болгондордун төртөө Жадундун үй-бүлөсүнүн жансакчылары экенин жазышты.

Жадун былтыркы шайлоодо аймактын төрагалагына көз карандысыз талапкер катарып катышып уткан. Кийинчерээк "Техрик-е Инсаф" партиясына кошулган.

Дагы караңыз

Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилештиБажыдагы коррупция: Матраимовдун "керектен чыкпаган" схемасыПутин согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө ачык экенин айттыПрезидент Жапаров чек араны тактоо ишин аягына чыгарарын билдирди