Түркияда зилзала курмандыктары 50 миңден ашты

Зилзаладан кийинки көрүнүш. Түркия.

Түркияда февралдагы зилзаланын курмандыктары 50096 кишиге жетти. Жараат алгандар 107 миңден көбүрөөк. Бул тууралуу 20-мартта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезер билдирди.

Анын айтымында, имараттардын курулушун көзөмөлдөөгө жооптуу жана курулуш тармагына тиешеси бар 300дөн ашуун адам кармалган.

6-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында сегиз баллга жакын жер титиреген. Ондогон шаар-кыштактар кыйраган. Зилзала Түркияга чектеш Сирияда да сегиз миңден көп кишинин өмүрүн алды.

Дагы караңыз

Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилештиБажыдагы коррупция: Матраимовдун "керектен чыкпаган" схемасыПрезидент Жапаров чек араны тактоо ишин аягына чыгарарын билдирдиНооруз: президент өлкөдө өнүгүү көчү башталганын билдирди