Украин күчтөрү акыркы бир суткада 120дан ашуун чабуулдун мизин кайтарды

Украиналык аскерлер. 15-март, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы бир суткада Орусиянын 120дан ашуун чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.

Киевдин маалыматына караганда, орус аскерлери Бахмут, Авдеевка, Маринка, Лиман жана Шахтерск багыттарында алдыга жылып баратат.

Башкы штаб Купянск жана Лиманда орустардын украин армиясынын коргонуусун жырып өтүү аракети ийгиликсиз болгонун белгиледи.

Бахмут калаасында айыгышкан салгылашуу уланууда.

Ал тапта Британиянын Коргоо министрлиги чалгын маалыматтарына таянуу менен жакынкы апталарда Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюмунун катарында согушкан миңдеген соттолгондорго ырайым берилерин билдирди. Москвадан буга азырынча комментарий боло элек.

Дагы караңыз

Германияда кыргыз диаспорасы Ноорузду белгилештиБажыдагы коррупция: Матраимовдун "керектен чыкпаган" схемасы"Апам менен жашагым келбейт". Балдар үйүндөгү тагдырлар Айтматов ардактаган Садриддин Айни