Памирден Ванга: Рахманкул хандын көчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Памир кыргыздарынын Түркиянын Ван аймагына жер оодарып, көчүп барганына 40 жыл толду. Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодаргандын себеби, чоң атасы Рахманкул Хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.   

Памир кыргыздарынын Түркиянын Ван аймагына жер оодарып, көчүп барганынын 40 жылдыгына жана Рахманкул ханга арналган илимий жыйын Кыргызстанда өттү. Ага Вандан келген Рахманкул хандын неберси Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу да катышты. Биз аны менен Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодаргандын себеби, чоң атасы тууралуу маек курдук.