Орусияда президенттик кеңсенин кызматкерлерине iPhone колдонууга тыюу салынды

iPhone смартфону.

Орусияда президенттик администрациянын ички саясий блогунда иштеген кызматкерлерге iPhone смартфондорун колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай буйрукту президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко марттын башында берген. Бийлик Apple корпорациясынын смартфондору "батыш адистеринин хакердик жана тыңчылык аракеттерине көбүрөөк кабылышы мүмкүн" деп эсептейт.

Басылманын булактарынын биринин айтымында, президенттик кеңсенин кызматкерлерине Android операциялык системасынын базасында же кытайлык аналогдорунда иштеген смартфондор берилиши мүмкүн. Мындан тышкары "Ростелекомдун" курамындагы "Ачык мобилдик платформа" компаниясы иштеп чыккан орусиялык "Аврора" операциялык системасы да колдонулушу ыктымал.

Буга чейин орус бийлиги аткаминерлерге Zoom тиркемесинен баш тартып, анын орусиялык аналогу Trueconf сервисин колдонууну сунуштаган.

Дагы караңыз

Көз карандылыктан кантип кутулабыз: постсоветтик өлкөлөрдөгү жалпы көйгөй Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюндары өтүүдөБишкекте “Кыргызстан-БАЭ” ишкерлер форуму өтүп жататАнталияда Айтматов атындагы китепкана ачылдыСи Цзинпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды