ИИМ пара сунуштаган айдоочулар жоопкерчиликке тартыларын эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККББ) коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жазага тартыларын эскертти. Аталган башкармалык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу аракеттери кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз", - деп жазылган маалыматта.

Жакында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жетекчилигине республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган. Мамлекет башчы жарандарды пара талап кылган фактыларды ачык айтууга чакырган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы мыйзам күчүндө: кайра экзамен, күбөлүктөн ажыратуу

8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра сынак тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөрүү тууралуу мыйзам күчүнө кирди.

Айрымдар жаңы эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып жатышат. ИИМ коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

Экзит-полл: Казакстандагы шайлоодо бийликтеги партия алдыга чыктыПрезиденттик администрация Тамчы аэропортундагы дубалдын урашынын себебин түшүндүрдү Казакстан: шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,18 пайызы катыштыПакистанда мурдагы премьер-министр Имран Ханга жаңы айып тагылды