Украинанын бийлик өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Мариупол шаарына барганын кескин сынга алышты. Украин президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "кылмышкер дайыма кылмыш орун алган жерге кайтып барат" деп Твиттерге жазды.
"Цивилизациялуу дүйнө "согуштун башчысын" (В.В. Путин) чек арадан өтүп калса кармагыла деп жарыялап жатканда Мариуполдогу миңдеген үй-бүлөлөрдү өлтүргөн киши шаардын урандыларына жана мүрзөлөргө суктанайын деп келди", - деп билдирди Подоляк.
Аны улай Украинанын Коргоо министрлиги Путин Мариуполго "түн жамынып ууруларча" барганын, бул ал үчүн коопсузураак жол болгонун Твиттерге жазды.
Орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарынын бозгундагы жергиликтүү кеңеши да Путиндин сапарын кескин сындады.
"Эл аралык кылмышкер Путин оккупациядагы Мариуполго барыптыр. Ал "шаарды кайра курууну" түн ичинде көрдү. Балким анын "боштондук" күчтөрү өлтүрүп, талкалаган шаарды күндүз көрбөйүн деген чыгар", - деп айтылат шаардык кеңештин Телеграмдагы билдирүүсүндө.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түштүк-чыгышындагы орус күчтөрү басып алган Мариупол шаарына барганын 19-мартта Кремлдин расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Путин Мариуполго тик учак менен барып, шаардын бир нече районун автоунаа менен кыдырган. Путинди орус өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин коштоп жүргөн.
Расмий маалыматта айтылгандай, Путин "яхта клубунун жээгин, театрдын имаратын, шаардагы тарыхый жерлерди кыдырып, Невский проспектисинде жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн." Кремлге ыктаган телеканалдар Путиндин "Мариуполдун тургундары менен сүйлөшүп жатканы" тартылган видеолорду көрсөтүштү.
Бул Путиндин былтыр 24-февралда согуш башталгандан бери Украинадагы орус күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактардагы алгачкы сапары.
Орусия Мариуполду 2022-жылдын май айында узакка созулган кармаштардан кийин басып алган. Орус күчтөрү шаарды артиллериядан тынымсыз аткылап, калаадагы инфраструктураны дээрлик толук талкалаган.
Путин Мариуполго чейин ишемби күнү Крым жарым аралына барганы кабарланган. Андан бир күн мурда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоо ордерин чыгарган. Буга Кремлдин украиналык өспүрүмдөрдү Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы себеп болгон.
Дагы караңыз
Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында орток базар курулатДеколонизация жөнүндө дипломдук иш жазган студент басымга кабылганын айтуудаЖастин Гейжи UFC 286 мелдешинде Рафаэл Физиевди жеңдиШайлоо күнү Астанада активисттер кармалдыКыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады Жыпар Мамбетова: ооган кыргыздары Өзбекстан аркылуу алынып келет