Шайлоо күнү Астанада активисттер кармалды

Коопсуздук күчтөрү Астанада активист Галия Тамабаеваны кармап жатышат, 19-март, 2023-жыл.

19-мартта Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (мажилис) жана жергиликтүү кеңештерге кезексиз шайлоо өтүп жаткан маалда Астанада бир нече активист кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Бир катар шаарларда жергиликтүү активисттер алардын үйлөрүн полиция жана белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнүн билдиришти.

Казак оппозициясынын өкүлдөрү элди 19-мартта шайлоого каршы нааразылык акциясына чыгууга чакырган эле. Шайлоодон четтетилген жарандык активист Амангелди Жахинди Астанада беткап кийген белгисиз эки киши эч себепсиз кармап кетти. Активист нааразылык билдирүү үчүн Астанадагы Кенесары хандын эстелигине бара жатканын Фейсбуктагы түз эфиринде айткан жана мэрия "мыйзамсыз шайлоону" токтотуу талабы менен митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгонун билдирген. Андан көп өтпөй активист кармалып, Фейсбуктагы түз эфир үзгүлтүккө учураган.

Айрым кабарларга ылайык, Астанада дагы бир активист Марат Мусабаев кармалды. Интернетте жарыяланган видеодо бир топ милиция кызматкерлери Мусабаевди көздөй чуркап баратканын көрүүгө болот. Анын видеосу “албетте, мени да кармап кетишет” деп айткандан кийин өчүрүлгөн.

19-мартта катталбаган "Алга, Казакстан!" оппозициялык партиясынын демилгечи тобунун мүчөсү Марат Жыланбаев аны үйүнүн жанында белгисиз адамдар аңдып жүргөнүн билдирди.

Телеграмдагы Masa.media каналынын жазгандай, Казакстандагы адам укуктары бюросунун юристи Артур Алхастов Астанадагы Кенесары хандын эстелигинин жанында бир нече адам кармалганына түз эфирде тартып алган. Анын маалыматына ылайык, кармалгандардын арасында оппозиция тарапкерлери да, жөн-жай өтүп бара жаткан тургундар да болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" казак кызматы Астанада кармалып жаткан адамдар боюнча Ички иштер министрлигинин өкүлүнөн маалымат сурады. Бирок азырынча жооп келе элек.

Шайлоо күнү Павлодар, Экибастуз, Аксай, Көкшетау шаарларындагы жана Чыгыш Казакстан облусунун Бобровка айылындагы жарандык активисттер да аңдуу болуп жатканын айтып чыгышты. Астана, Алматы, Аксай жана Костанай шаарларынын бийлиги 19-марттагы шайлоолорду "мыйзамсыз" деп табууну талап кылган акцияларды өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Дагы караңыз

Кыргызстан-Индия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу аяктады Жыпар Мамбетова: ооган кыргыздары Өзбекстан аркылуу алынып келет Кремль Путин оккупацияланган Мариуполдо болгонун билдирди The Guardian: АКШда орус жарандарын депортациялоо жандандыКиев Москвадан Орусиядагы украиналык балдардын тизмесин сурады “Бишкек” эркин экономикалык аймагында дары чыгарган завод ачылды