Аба ырайы: үшүк жүрөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет 18-19-март күндөрү Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрө турганын эскертти.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактардын эрте сортторуна коркунуч келтирет. Тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Карагөө ашууларында, Чычкан капчыгайында, Кара-Кулжа – Алайкуу, Арал - Миң- Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон - Ак-Шыйрак автоунаа жол тилкелеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең 19-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым райондордо катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…16,

Таласта түнкүсүн -1…-3, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнү -2…0°, күндүзү 12…14° градус болот.

Дагы караңыз

АКШ жана Евробиримдик Гаага сотунун Путинди кармоо ордерин колдоду"Эсимде" аянтчасы уюштурган "Эс тутум өткөөлүндө" жыйыны өтүүдөБишкекте блогерлердин экинчи курултайы өтүп жататБажы кызматынын алты кызматкери "жашыруун транзиттөөгө" шек саналууда