"Аксы окуясынын" жарасы айыкпайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

17-мартта Бишкекте жана Аксы районундагы Боспиек айылында "Аксы окуясын" эскерүү иш-чаралары өттү. Баш калаада президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган "Ала-Тоо" аянтындагы монументке гүл коюшту. Боспиекте болсо иш-чара нааразылык менен коштолду.