Кыргызстанда соңку үч жылда эм балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөдү. “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева берген статистикалык маалыматка караганда, былтыр 2022-жылы 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү.
2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.
Он жылдык мөөнөттү алып карасак, буга чейинки 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1286дан 1640ка жеткен.
Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм (алардын экөө былтыр) төрөлгөн.
Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. (RK)
Дагы караңыз
Толукбек Байзак: Ырларымды жашап жаздымЖер мунапысы: Бишкекте 486 арыз боюнча оң чечим кабыл алындыАлтын рудасын, концентратты сыртка ташууну тыюу мөөнөтү жылдыМирзиёев түрк шайлоочуларын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү