Жер мунапысы: Бишкекте 486 арыз боюнча оң чечим кабыл алынды

Бишкектин четиндеги конуштардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 486 адамдын документи боюнча оң чечим кабыл алынганын 17-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар мунапыс боюнча иштеп жаткан комиссияга бардык тийиштүү документтерин көрсөтө алышты.

Ленин районунда 220, Свердлов районунда 134, Октябрь районунда 76 жана Биринчи Май районунда 56 кишинин жерине мунапыс берилмей болду.

Арыз кабыл алуу уланууда. Аны менен кошо жерге байланыштуу болгон бардык документтер, техникалык паспорт, кошуналардын жазуу түрүндөгү макулдугу талап кылынат.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам менен жер мунапысы жарыяланган. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин документи жок болгонуна карабастан үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштырууну камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Соңку күндөрү Бишкекте жер талаш маселелери улам бир жерден козголуп жатат. Жердин ээси экенин айткан эки тарап өз жүйөлөрүн келтирүүдө.

Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Мирзиёев түрк шайлоочуларын Эрдоганга добуш берүүгө үндөдүТолукбек Байзак: Ырларымды жашап жаздымОрус күчтөрү Украинанын чыгышына бир күндө 70 жолу чабуул койдуЛенин райондук сотунда "Азаттыктын" ишмердүүлүгү боюнча иш каралууда