Пакистан соту экс-премьерди камакка алуу аракетин убактылуу токтотту

Имран Хандын тарапташтары менен полициянын кагылышуусу. Лахор, 15-март, 2023-жыл

Пакистандын соту 16-мартта мурдагы премьер Имран Ханды камакка алуу аракетин убактылуу токтотуу чечимин узартты. Саясатчынын тарапкерлери аны сотко жеткирүүгө тоскоолдук жаратып, ал жашаган Лахордо жана бир нече шаарда полиция менен кагылышуулар болгон.

Сот 70 жаштагы Ханды жума күнү кармоону чечти. Ошондой эле анын Tehree-e-Insaf оппозициялык партиясына жекшембиге белгиленген акциясына уруксат берилген жок.

Лахор жайгашкан Панжаб аймагынын полиция башчысы Усман Анвардын айтымында, зомбулук шейшембиде, полиция кызматкерлери саясатчыны сотко жеткирүү үчүн үйүнө барганда тутанган. Хандын тарапташтары союлдар менен гана куралданган тартип коргоочуларды ташбараңга алган. Буга чейин полиция көздөн жаш агызчу газ колдонгону маалымдалган. Андан кийин сот аны алып келүүнү токтото турууну чечкен.

Полиция экс-премьерге жана анын колдоочуларына каршы коомдук мүлктү талкалоо жана күч түзүмдөрүнө зомбулук көрсөтүү боюнча эки иш козгоду.

Ханга кызматта турганда мамлекеттик белектерди жана аларды сатуудан түшкөн каражатка алган мүлкүн жашырган деген айып тагылууда. Мындан тышкары дагы бир нече иши сотто каралып жатат.

Саясатчы 2022-жылдын апрелинде парламент ишеним көрсөтпөөнү колдогондо бийликтен четтетилген. Ал өкмөт башчы Шебхаз Шарифти аны бийликтен кетирүү үчүн АКШ менен сүйлөшүп алды деп айыптаганы менен далил келтирген эмес. Вашингтон айыптоолорду четке кагып келет.

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилетБаткенде бадамды көбөйткөн багбандарОрусияда аскердик комиссариатка чакыруулар келип жатканы кабарланууда