Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун тарапкерлери бүгүн 16-мартта видео аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аны абактан бошотууну суранышты.
Видеодогулар өзүлөрүн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка айылынын тургундары экенин, Молдокматов бул айылдын кулуну катары спортзалдын, бала бакчанын ишине жардам бергенин, ал “жөн жерден отурганын” айтышты.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист, алардын арасында Жеңиш Молдокматов жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.
Дагы караңыз
Бишкекте "Пакистан-Кыргызстан" соода үйү негизделетПарламент министр кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдодуПентагондун башчысы орус коргоо министри менен телефондон сүйлөштүБУУ оогандык качкындарга берилген жардамды көбөйтүүгө чакырды