Парламент министр кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду

Мелис Тургунбаев.

Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду.

15-мартта Динара Кутманова кызматтан алынып, анын ордуна Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Кутманова кызматтан алынышын "өзүнүн коррупцияга каршы күрөшү кимдир бирөөгө жакпай калганы" менен байланыштырды.

Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышынан улам Кутманованын дарегине көп сын айтылган. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген.

1982-жылы туулган Тургунбаев экономика илимдеринин доктору. Ал 2003-жылы Борбор Азиядагы Америка университетин, 2005-жылы Жапониядагы саясат изилдөө институтун, 2023-жылы Лондон бизнес мектебин бүтүргөн. Эл аралык мамилелер, экономикалык саясат боюнча адис.

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинде, 2006-2019-жылдары “Газпромнефть Азия” ишканасында иштеген.

2013-2021-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасында директорлор кеңешинин мүчөсү, төрагасы, 2021-жылы KICB Банкында директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. (TAb)

Дагы караңыз

БУУ оогандык качкындарга берилген жардамды көбөйтүүгө чакырдыAI: Иранда митингдерде кармалган балдар кыйноолорго туш болуудаПрезидент Жапаров Түркияга барган менчик учак тууралуу маалымат берилдиМинистр Базарбаев Кыргызстанда жумушчулар жетишсиз экенин айтты