АКШнын коргоо министри Ллойд Остин шаршембинин кечинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефондон сүйлөштү. Алар орусиялык согуш учактары менен америкалык дрондун Кара деңиздин үстүндөгү кагылышуусун талкуулашты.
Орус тышкы саясий мекемеси сүйлөшүү америкалык тараптын демилгеси менен болгонун билдирди. Анын жүрүшүндө Шойгу Остинге окуяга "АКШнын Орусия тарабынан "атайын операцияга" байланыштуу түзүлгөн тилкени бузганы", "Орусиянын кызыкчылыктарына каршы чалгындоо иштеринин күчөшү" алып келгенин айтты. Мындан тышкары Шойгу АКШнын учкучсуз аппараттарынын Крымдын жээгинде учуулары "чагымчыл мүнөзгө ээ экенин жана кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзөрүн" айтты.
АКШнын Коргоо министрлиги Остиндин Шойгу менен сүйлөшкөнүн ырастап, орус учкучтарынын эл аралык аба мейкиндигиндеги “кесипкөй эмес, кооптуу жана акылга сыйбаган жүрүм-туруму” тууралуу сөз болгонун белгиледи.
Вашингтон дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын тааныбасын жана жарым аралды Украинанын аймагы деп эсептей турганын баса белгилейт.
Ал арада АКШнын Биргелешкен штабдар командачылыгынын башчысы генерал Марк Милли ал жактагы деңиздин тереңдигин эске алганда сууга кулаган дронду алып чыгуу кыйын болорун маалымдады.
Дагы караңыз
БУУ оогандык качкындарга берилген жардамды көбөйтүүгө чакырды"Азаттык" радиосунун 70 жылдык мааракесинде жаралган сынооЧек ара: Дүйшөмбүдөгү жолугушуу, үйүнө кайта элек эл