Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд адабий сынак жарыялады

Чыныбай Турсунбековду эскерүү кечесинде тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд бүгүн 15-мартта адабий сыйлыкка сынак жарыялады.

«Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлык» сынагына 18-45 жаштагы акындар катыша алат. Байге фонду гран-приге жана андан тышкары үч орунга жалпысынан 200 миң сом, «Эл тандоосу» номинациясына 10 миң сом тапшырылат.

2021-жылы Турсунбеков атындагы фонд "Жаш толкун" поэзия сынагын уюштурган. 2022-жылы "Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм" аттуу республикалык эссе сынагын өткөргөн.

Саясатчы 2020-жылы 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: "Достук" бекетиндеги автомобилдик кыймыл калыбына келдиАкыйкатчы Лейлектеги жолугушууда нааразылык айтылганын билдирдиКемпир-Абад иши: Улукбек Маматаев ооруканага түштү"Керемет банктын" чубалган чуусунда дагы төрт киши кармалды