Бишкектин айрым мектептеринде сабактар арасындагы коңгуроонун ордуна кыргыздын залкар музыканттарынын, комузчуларынын жана композиторлорунун чыгармаларынан үзүндү коюла баштаганын бүгүн 15-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, долбоордун максаты – окуучуларда мекенин таанып, сүйүү сезимин калыптандыруу.
Белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөр №3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептерде угузула баштаганы, долбоор президенттин тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Дагы караңыз
АКШ дрон менен учактын кагылышы үчүн Орусияны күнөөлөдү Кечки радио эфир | 15.02.2023 |Кыргыз-тажик чек арасы: Дуйшөмбүдө жумушчу топордун жолугушуусу өтүүдөИликтөө: Кремлдин Кишинев менен жакындашуу тууралуу планы бар Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова ооруканадан абакка которулду