Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иманалиевди эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
9-мартта президент Садыр Жапаров Кайрат Иманалиевди Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) башкы директору кызматынан "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген себеп менен кызматтан алган. Ал УТРКнын жетекчиси болуп былтыр июнда дайындалган.
Ал 2019-жылы ушул эле министрликтин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Кытай пандемиялык чектөөлөрдөн кийин чет элдиктерге виза бере баштайтГүлнара Каримова 240 миллион долларга кыймылсыз мүлк алганБашкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартуу үчүн ЖКдан макулдук сурадыПашинян Армениянын тышкы коопсуздук маселеси чечилбегенин билдирди