Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган саясатчы, активисттердин жакындары бүгүн 14-мартта Талас шаарында акцияга чыгышты. Акцияга 50дөн ашык киши чогулду.
Алар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, абактагыларды үй камагына чыгарууну суранышты.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. (MKt)
Дагы караңыз
“Керемет Банк” иши: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт"Соо жери калбаптыр". Абактан согушка тартылган мигранттын сөөгү келди Сирия менен Ирактан кайткан балдар маселеси талкууланды