Иран бийлиги митингдердин 22 миң катышуучусуна ырайым берилгенин билдирди

Абданандагы нааразылык акциясы. 1-февраль, 2023-жыл

Ирандын сот бийлигинин жетекчиси Голамхоссейн Мохсени Эжеи нааразылык акциялары учурунда камалган 22 миң кишиге ырайым берилгенин билдирди. 13-мартта сот бийлигинин Жогорку кеңешинде сүйлөгөн Эжеи алардын арасында «абакта отургандардын чакан тобу бар», дагы бир канчасына күнөө тагылган же өкүмүн күтүп отурат деп айтты. Мындан башка маалымат берилген жок. Буга чейин ал 80 миң киши, арасында митингдердин катышуучуларына мунапыс берилгенин айткан.

Ислам жумуриятында былтыр күзүндө хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган студент кыз Махса Амини каза тапкандан кийин ири акциялар тутанган.

Укук коргоочулар митинг-демонстрацияларда жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Акцияларда миңдеген киши камалып, айрымдары катаал жазага өкүм кылынган. Кээ бирлери өлүм жазасына тартылды.

Тегеран Батыш мамлекеттерин башаламандык уюштурууда деп айыптаган.

Дагы караңыз

Депутат аралашкан мушташтын чоо-жайы иликтене баштады Бишкектин борборундагы депутат аралашкан мушташЖурналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтүүдөТүркиядагы жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңден ашты