Талас: 25 манасчы тогуз күн бою "Манас" айтат

Талас. 13-21-мартта 25 манасчы күнү-түнү "Манас" айтат.

Талас шаарында Манастын айкелинин ачылышынын урматына тогуз күн бою күнү-түнү “Манас” айтуу үчүн бүгүн 13-мартта шаарга 25 манасчы барганын облустун акимчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларды улуттук “Манас Ордо” комплексинен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов тосуп алды.

Талас шаарынын борбордук аянтында "Айкөл Манас" айкелинин ачылышы 21-мартка пландалууда. Улуу өнөрдүн 25 устаты 13-марттан 21-мартка чейин күнү-түнү "Манас" айтуу жөрөлгөсүн ишке ашырышат. Ага Назаркул Сейдракманов, Рысбай Исаков, Камил Мамадалиев сыяктуу белгилүү манасчылар жана алты жаштагы эң жаш манасчы Бекжан манасчы катышары маалымдалды.

Айкел Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарында коюлган Манастын эстелигинин көчүрмөсү. Бийиктиги 12 метрди түзгөн эстеликти жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу белек катары берген. Авторлору Кыргыз эл сүрөтчүсү, скульптор Садабек Ажиев жана Токталы Мурзакаримов.

Дагы караңыз

Салык эрежелери: Өкмөт элди кантип ынандырат? Грузин премьери украин саясатчыларын "ички ишке кийлигишти" деп күнөөлөдүГамбургдагы кол салууда өлгөндөр сегизге жеткени кабарланды Бишкек мэриясында мамлекетке өзгөчө ири каржылык зыян келтирилгени маалымдалды