Кыргызстандын экономикасы эки айда 6% өстү

Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) 2023-жылдын январь-февралында 111 миллиардга жакын сомду түзүп, өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 6% өсүш катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети эки айдын баштапкы жыйынтыгын чыгаргандан кийин маалымдады.

Мунун ичинен товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 9,6% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактарда 3,9% өсүү болду.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөнүн ички дүң өнүмү (ИДП) 2023-жылы 3,9%, 2024-жылы 4% өсөт деген жоромолун расмий түрдө жарыялаган. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деген болжол чыгарган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ИДП соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Айрымдар бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилешүүдө. (ErN)

Дагы караңыз

Нарында ишкерлер президентке ККМ боюнча даттаныштыКытайдын өкмөт башчылыгына шанхайлык Ли Цян дайындалдыАКШда ири банктын жабылышы Уолл-стритте дүрбөлөң жаратты