Болгариянын борбору Софиядагы советтик жоокерлердин эстелиги калаанын башка тарабына көчүрүлөт. Шаардык кеңеш ушундай чечим кабыл алганы 10-мартта кабарланды.
Эми мэр Йорданка Фандакова талаштуу эстеликти калаа борборунан бир нече чакырым алыска - Социалисттик искусство музейи турган жерге көчүрүү тууралуу администрацияга өтүнүч жолдошу керек.
Эстелик азыр шаардын борбордук паркынын жанындагы муниципалдык жерде жайгашкан.
Ал 1954-жылы Советтик армиянын урматына тургузулган. Сынчылар эстеликти "пропагандалык максатта курулган" деп эсептешет.
София шаардык кеңеши 1993-жылы аны бузууга добуш берген, бирок бузулган эмес.
Февраль айында эстеликтин фасадынын айрым жерлери талкаланган. Аны көчүрүү маселеси ошол окуядан кийин көтөрүлдү.
Дагы караңыз
Жарандык активизм: Мен кылбасам, ким кылат?FT: Украина убада кылынган Patriot абадан коргонуу системасын алдыИран менен Сауд Арабия мамилелерин калыбына келтирүүнү макулдашты