Украинанын чыгышына соңку суткада 102 чабуул коюлду

Бахмуттагы украин аскерлери

Украинанын чыгышына акыркы суткада 102 жолу чабуул койду. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы чабуулдардын мизи кайтарылганын 10-марттын таңында билдирди.

Орус армиясы Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтерск багыттарында илгерилөө үчүн күч жумшап жатат.

Башкы штаб Луганск облусунун Рубежный шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ылдыйкы кабаттарына орус аскерлери жайгашып алганын, үстү жакта жайкын тургундар бар экенин билдирди. Бул кабарды көз карандысыз булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.

“Вагнер” жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин дагы Бахмуттун чыгышын алганын жар салып, анын жоочулары орус армиясына жол ачканын билдирген.

Киев Бахмутта кырдаал оор экенин айтканы менен калаанын кайсы бир бөлүгүн орус тарап ээлеп алганын бышыктаган жок.

Батыштын чалгын кызматтары бир жылдан бери майданда орус армиясынын шайы ооп калгандыктан, быйыл Украинада илгерилей албастыгын айтып жатышат.

Тынч заманда 70 миң киши жашаган Бахмутта үйлөр күйүп, калааны кара түтүн каптаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, шаарда азыр төрт миндей тургун бар.

Дагы караңыз

Бишкек: Жер мунапысы боюнча арыздардын алты миңи каралдыАкылбек Жапаровдун Өзбекстандагы сапарында 15 документке кол коюлду Зиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды Гамбургдагы кол салууда өлгөндөр сегизге жеткени кабарланды