Чүй милициясы: 64 гектар жерди бөлүп сатып жаткан адам кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында башкалардын жерин басып алып, сатып жаткан деген шек менен бир адам кармалганын 10-мартта облустук милиция билдирди. 53 жаштагы шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына отургузулду.

Мекеменин маалыматына караганда, ал башкаларга таандык жер тилкелерин ээлеп алып, айыл чарба багытындагы жер аянттарына жол салып, электр зымдарын тартып, жалпысынан 64,5 гектар жерди төрт соткадан бөлүп, там салуу үчүн сатып жаткан.

Ага каршы арыз менен милицияга Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы кайрылган.

Натыйжада Кылмыш-жаза кодексинин “Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу” беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Ал киши өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү” токтомун бузган деп айыпталууда.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (RK)

Дагы караңыз

Сот Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруу арызын канааттандырган жок Камактагы оппозиционер саясатчы президентке кайрылдыБеларуста мамлекетке чыккынчылык үчүн өлүм жазасы киргизилдиЗордукталып, өз жанын кыйган секелектин иши тергеле баштады