Нарын облусундагы аэропорттун жүргүнчүлөрдү кабыл ала турган аэровокзалы салынып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.
Анын маалыматы боюнча, ушул тапта “Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго аэровокзалдын жаңы имараты курулуп жатат жана ал апрель айында бүткөрүлөт. Андан соң аэропорттун учуп-конуу тилкеси оңдолуп, аба каттамдары такталып ачылат.
1964-жылы ишке кирген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган.
Бирок күндүз учактарды кабыл алууга уруксаты бар. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары “Камбар-Ата-1” ГЭСи тууралуу сүйлөштүКемпир-Абад иши: шаардык сот жети кишини абакта калтырды"Вагнер" Бахмуттун чыгышын ээлегенин жарыялады, Киев аны бышыктаган жокЗиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды Украина: Орусиянын жапырт аткылоосунда жайкын тургундар каза болду Талибдердин Балхтагы губернатору жардырууда каза болду